Партиянын жыйындагы жардырууда 40 адам көз жумду

Автор

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында “Ислам аалымдары жыйыны” консервативдүү партиясынын курултайында болгон жардыруудан  40 киши көз жумса, 200дөй киши жараат алды.

Полициянын маалыматы боюнча, курултайда партиянын лидерлери менен сүйлөшүп жатканда жанкечти бомбаны жардырган. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф иликтөө жүргүзүүгө буйрук берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Киевде «Родина-мать» монументин бузуу иштери башталды

Украинанын бийликтери Киевдеги «Родина-мать» монументинин калканындагы советтик гербди демонтаждоону баштады. Бардык жумуштарды 24-август, Украинанын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү пландалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Социалдык тармактарда адистердин ишин чагылдырган видеолор тарады. Калкандын өзүнөн жана айкелдин пайдубалынан бир нече зымдар тартылган. Кыязы,  советтик символдордун элементтери түшүрүлөт. Монтаждоо иштери 92 метр бийиктикте […]

Сизге жагышы мүмкүн