Сегиз жаштагы шахматчы Европадагы турнирде сенсация жаратты

Автор

Сегиз жаштагы британиялык Бодхана Сиванандан Европанын рапид жана блиц боюнча чемпионатында кыз-келиндер арасындагы таймашта чоңдордон турган шахматчыларды утуп, баш байгени жеңип алды.
.CNN билдиргендей, Хорватиянын Загреб шаарында өткөн турнирде сегиз жаштагы окуучу кыз сенсация жаратты. Ал 13 раунддан турган блиц мелдешинде 555 оюнчунун ичинен эң мыкты 8,5/13 упай топтоду. Ошол эле учурда турнирге шахмат боюнча 48 гроссмейстер жана 50 эл аралык спорт чебери катышты.
Турнирдин уюштуруучулары “супер таланттуу” деп сыпатталган Бодхана Сивандан бир эл аралык мастерди жана бир ФИДЕ мастерин утуп алды. 2316 упайды түзгөн рейтинг боюнча ал көптөгөн чоң спортчулардан алдыга озуп чыкты. Акыркы турда сегиз жаштагы кыз британиялык атактуу шахматчы, машыктыруучу жана шахмат китептеринин автору 39 жаштагы Лорен Д’Костаны утуп алды. Акыркы жана чечүүчү раундда ал оюнду тең чыгууга кыскарта алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер титирөөдөн жоготуулардын саны өстү

Кытайда ушул аптада болгон жер титирөөдөн кийин каза болгондордун саны өстү. 18-декабрда болгон жер титирөөнүн кесепетинен Ганьсу провинциясында 113 адам, Цинхай провинциясында 31 адам каза болгон. Дагы үч адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Дүйшөмбү күнү Кытайда катуу жер титирөө болуп, күчү 6,2 баллга жеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жер титирөө […]

Сизге жагышы мүмкүн