Жер титирөөдөн жоготуулардын саны өстү

Автор

Кытайда ушул аптада болгон жер титирөөдөн кийин каза болгондордун саны өстү. 18-декабрда болгон жер титирөөнүн кесепетинен Ганьсу провинциясында 113 адам, Цинхай провинциясында 31 адам каза болгон. Дагы үч адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.
Дүйшөмбү күнү Кытайда катуу жер титирөө болуп, күчү 6,2 баллга жеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жер титирөө болгон аймакка 1440 өрт өчүрүүчү жана куткаруучу тартылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жол киренин жаңы тарифи аныкталды

Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кире накталай эмес төлөм болгон учурда 17 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, накталай төлөсө жүргүнчү 20 сом төлөшү керек болот. Сазыкулов белгилегендей, октябрь айында мэрия долбоорду БГКга тапшырганда жол кире акысын 20 жана 25 сом деп белгилөө сунушталган. […]

Сизге жагышы мүмкүн