1. Сахара планетадагы эң чоң ысык чөл. Аянты: 9 200 000 км², Узундугу: 4800 км.
2. Сахара бүткүл Африка континентинин 30% ээлейт.
3. Сахара Бразилиядан чоңураак, ал эми Бразилия дүйнөдөгү бешинчи чоң өлкө.
4. Чөлдө 11 мамлекет жайгашкан: Ливия, Алжир, Египет, Тунис, Чад, Марокко, Эритрея, Нигерия, Мавритания, Мали жана Судан.
5. Сахара чөлүндөгү кум дөбөлөрдүн бийиктиги 160-180 метрге жетет. Бул 70 кабаттуу имараттан бийик.
6. Дүйнө тарыхындагы эң жогорку температура Сахаранын аймагына кирген Ливияда 1922-жылы катталган – 76 С. – Чындыгында Сахаранын каптоосу 30% кум жана 70% шагылдан турат.
7. Сахарада жер астындагы суулардын зор запастары бар.
8. Сахаранын чегинен тынымсыз аккан жалгыз дарыя – бул кубаттуу Нил.
9. Кыштын түнүндө Сахарадагы кум тоңуп, анын үстүндө үшүк конденсацияланат.
10. Сахара – улуу чөл. Миллиондогон чарчы километрге созулган чексиз кумдар, ажайып дөбөлөр… Мындан 6 миң жылдай мурун Сахара чөлүнүн аймагында эч кандай чөл болгон эмес – жалаң түшүмдүү жерлер, көлдөр жана көптөгөн өсүмдүктөр болгон.