Тазабек Икрамов  көк бөрү боюнча облустук командаларды жоюуну сунуштады

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов көк бөрү оюнуна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анда эл өкүлү  Маданият министрлигине, «Көк бөрү» Эл аралык ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевге жана «Көк бөрү» федерациясынын президенти Талас Бегалиевге кайрылуу жасап,  мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп, клубдук командаларды түзүүнү сунуштады.

“Көк бөрү” оюуну ата мурасыбыз, кан-жаныбызга сиңген оюн. Бул оюн жөн гана көңүл ачуу же, жигиттердин тайманбастыгын сыноо эмес, патриоттуулукка тарбиялаган, намысыбызды бекемдеген аздек таберигибиз. Улуттун баалуулугун сактоодо, намыстуу эр жигиттерди тарбиялоодо, салт-санаабызды жайылтууда бул оюндун орду ат көтөргүс. Ушул мезгилге чейин бул намыс талашкан оюунубуз  өз милдетин так жана ашыгы менен аткарды деп ойлойм. Ар бир нерсенин өз учуру болгондой эле акыркы окуялар бул “Көк бөрүгө” башка өң, башка жүз берүү заман талабы экенин көргөздү. 31-август Эгемендүүлүк күнү Ош областынын Төлөйкөн ат майданында болгон көк бөрүдө уюштуруучулардын калпыстыгынан аймактар аралык жик кетип калуу коркунучу туулуп, жалпы жарандарыбызды чочулоого салды. Биз бул фактыдан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Менин жеке сунушум; мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп, (аталыштарын сактап калууну өз эрктерине коюу менен) клубдук командаларды түзүү мезгил талабы. Республикалык маанидеги “Көк бөрү” оюунуна жалаң гана клубдук командалар катышып, команданын мүчөлөрү ар бир региондон, тактап айтканда ар бир областан бирден оюунчу катышуусу керек. Биз командалардын ар бир мүчөсүн региондордон тандап алып, аларды оюнга аралаштырмайынча мындай бөлүнүү коркунучу мындан ары көбөйө берет. Ал эми колдоочулар, фанаттар аймак аралык эмес, клубдар аралык болуп, жалпы күйөрмандар аралашып, чыр-чатак чыгуусун алдын алат. Эгерде, ар бир областан улакчыларды курамына албаган командаларды оюунга катушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарыл. Ошол эле учурда,  мындан ары көк бөрүнү эл арасына кеңири жайылтуу, жаш улакчыларды өстүрүү максатында айыл, район аралык оюндарга чек койбойлу. Менин бул сунушумду эске алып, тиешелүү жетекчилер жана министрлик бул жобону тез арада иштеп чыгат деп терең ишенем”, -деп жазды эл өкүлү.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШнын биринчи айымы коронавируска кабылды

Жо Байдендин жубайында  оорунун жеңил белгилерин аныктлаган. Ал айыкканга чейин Делавэр штатындагы Рехобот-Бичтеги  үйүндө болот. Ошол эле учурда Байден өзү да коронавируска терс тесттен өтүп, Ак үйгө кайтып келген. Белгиленгендей, 80 жаштагы америкалык президент жубайына инфекция жуккандан кийин коронавируска үзгүлтүксүз анализ тапшырып, мониторинг жүргүзөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн