Сауд Арабия умра ибадаты үчүн арыздарды кабыл ала баштады

Автор

Сауд Арабиясы  Умра (кичи ажылык) үчүн визалык арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Saudi Press Agency SPA билдирди.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги 3-июлдан тарта арыздарды кабыл ала баштады.

Меккедеги умра жана Мединадагы Пайгамбардын мечитине зыярат кылуу үчүн бардык чет өлкөлөрдөн арыз тапшырса болот. Сауд Арабиядан умрага барууну каалагандар онлайн түрдө кайрыла алышат. Сауд Аравиядагы жана андан тышкаркы зыяратчылар үчүн умра 2023-жылдын 19-июлда башталат.

Буга чейин өлкө бийлиги быйыл 150 өлкөдөн 1 миллион 845 миңден ашуун адам ажылыкка барганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда  күн электр станциясы курулат

Кыргызстандагы  алгачкы жолу кубаттуулугу 50 мегаватт болгон “Күн булагы” күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылып жатат. Жалпы инвестициянын көлөмү 35 млн. доллардан ашат. Долбоорду “Күн Булагы” ЖЧКсы казакстандык “TGS-Energy Limited” компаниясы менен биргеликте […]

Сизге жагышы мүмкүн