Аялын сабаган дипломат кызматтан алынды

Автор

Казакстандын тышкы иштер министрлиги БАЭдеги дипломатын чакыртып алды. Кечээ, социалдык тармактар аркылуу казакстандык Карина аттуу келин 10 жылдан бери күйөөсү зордук – зомбулук көрсөтүп келгенин, 5-май күнү эжеси экөөнү сабаганын жана өмүрү коркунучта экенин айтып, коомчулуктан жардам сураган.
“Күйөөм Бириккен араб эмираттарында элчинин кеңешчиси болуп иштейт. Анын дипломаттык статусу алынып, түрмөгө отурушун укук коргоо органдарынан суранам”,- деген ал. Мындай окуя Казакстанда алгачкысы эмес. Мындан мурда өлкөнүн экс-экономика министри аялын уруп өлтүргөн учур катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 7-май саат 10:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88 сом 49 тыйын болсо, сатуу 89 сом 37 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88 сом 67 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн