Сауд Арабия Лионель Мессиге 600 миллион сунуштады

Автор

ПСЖнын чабуулчусу Лионель Месси Сауд Арабиядан рекорддук сунуш алды. L’Équipe басылмасынын маалыматына караганда, учурда Сауд Аравиядан келген сунуш аргентиналык футболчуга гана берилген.  Сунушталган келишим эки сезонго 600 миллион еврону түзөт.

Аргентиналык футболчу  үчүн Европадан келген бардык сунуштар артыкчылыктуу, анткени ал 2024-жылы Америка Кубогуна чейин эң жогорку деңгээлде ойноону каалайт.

Барселонага кайтып келүү да футболчу үчүн мыкты вариант, бирок бул кадам каржылык абалга байланыштуу  абдан көйгөйлүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Месси бул сезондо ПСЖнын курамында бардык мелдештерде 37 беттешке чыгып, 20 гол киргизип, 19 пас берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 167 бүтүрүүчү мектепти "Артыкчылык" аттестаты менен аяктады

Кыргызстанда “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестациясын алуу укугуна ээ болгон окуучулар аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.   – Баткен облусунан – 14 окуучу; – Бишкек шаарынан – […]

Сизге жагышы мүмкүн