Кыргыз боксчулар эл аралык мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Болгариядагы “Странджа Кубогу-2024” аталышындагы эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш Болгариянын София шаарында 4-12-февраль күндөрү өтөт. Мелдештин алгачкы күнүндө 54, 60, 71 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт. 54 кг чейинки салмакта Руслан Эрнест уулу казакстандын мушкери менен беттеш өткөрөт.
60 кг чейинки салмакта Рысбек Бектенов грециялык мушкер менен, 71 кг салмакта Элдар Турдубаев монголиянын мушкери менен беттешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги онлайн-окуу чечими өзгөчө буйрукка чейин күчүндө калат

Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан окуу сабактары онлайн форматта чыгуу боюнча 2024-жылдын 2-февралдагы буйрук өзгөчө буйрукка чейин күчүндө калат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2024-жылдын 2-февралынан […]

Сизге жагышы мүмкүн