Кыргызстанда 167 бүтүрүүчү мектепти “Артыкчылык” аттестаты менен аяктады

Автор

Кыргызстанда “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестациясын алуу укугуна ээ болгон окуучулар аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.

 

– Баткен облусунан – 14 окуучу;

– Бишкек шаарынан – 76 окуучу;

– Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу;

– Нарын облусунан – 6 окуучу;

– Ош шаарынан – 8 окуучу;

– Ош облусунан – 20 окуучу;

– Талас облусунан – 5 окуучу;

– Чүй облусунан – 21 окуучу;

– Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

 

Эске сала кетсек, “Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 11-класстын 2 миңдей окуучусу катышкан.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Путин запастагы россиялыктарды аскерге чакырган жарлык чыгарды

Россиянын президенти Владимир Путин запастагы россиялыктарды аскердик жыйынга чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. «Мен 2023-жылы запастагы россиялык жарандарды Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнө, Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлерине, мамлекеттик коопсуздук органдарына жана Федералдык коопсуздук кызматына аскердик даярдыктан өтүүгө чакырууну чечтим»,-деп айтылат текстте. Жарлыкка ылайык, Россия Федерациясынын өкмөтү жана облустук бийликтер чогултуу […]

Сизге жагышы мүмкүн