Сарбанов «Мамлекеттик өнүктүрүү банкын» жетектейт

Автор

«Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКын Улан Сарбанов жетектейт. Мындай чечим Мамлекеттик банктын директорлор кеңеши тарабынан 19-апрелде кабыл алынган.

Банктын негизги максаты: чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыя берүү. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жалпы капиталы 2 миллиард сомду түзөт.

Банктын башкармалыгын буга чейин Евгения Судец жетектеген.

Эске салсак, Улан Сарбанов 2000-2006-жылдары Улуттук банктын төрагасы болгон. 2021-жылдын октябрынан бери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп жаткан.

Бөлүшүү:
Next Post

84 кг алтынды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргызстанга  300 млн сомдук,  84 кг алтынды мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, 17-апрелде «Ак-Жол» товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан JAC үлгүсүндөгү унаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды.   Унаанын […]

Сизге жагышы мүмкүн