84 кг алтынды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Автор

Кыргызстанга  300 млн сомдук,  84 кг алтынды мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде «Ак-Жол» товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан JAC үлгүсүндөгү унаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды.

 

Унаанын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок болгон.

 

Учурда мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Орозо айт намазы эски аянтта окулат. Программасы

Орозо айт намазы 21-апрель, жума күнү Бишкек шаарынын эски аянтында окулуп, таңкы саат 06:00дө башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Айт намаздын программасы:   Саат 06:00-07:00дө – Дин аалымдарынын баяндамасы; Саат 07:00-07:30дө – Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы; Саат 07:30дө – Айт намаз.     Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн