«Сапаттын» окуучусу эл аралык олимпиадада коло медаль утту

Автор

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34- Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды.

Олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышты. Ар бир өлкөдөн 4 окуучудан турган команда жиберилет.

 

Кыргызстандын командасы:

 

Эльбрус Тажибаев – команданын лидери жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;

Даян Мэлисов – машыктыруучу жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;

Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейи, 10-класс;

Алай Алмазов, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс;

Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс;

Азирет Анварбеков, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 10-класс.

Биология боюнча эл аралык олимпиада — 15 жаштан 21 жашка чейинки мектеп окуучулары арасындагы биология боюнча илимий жарыш.

 

Ал 1990-жылдан тарта жыл сайын июль айында өткөрүлөт. Кыргызстан бул олимпиадага 1994-жылдан бери катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округунда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди

Жогорку Кеңештин депутатына №26 Ленин округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.   Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, бүгүн Боршайкомдун жыйынында уюштуруу маселеси каралды.   Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн