Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоо күнү дайындалды

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

 

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

 

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына, жекшембиге дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;

 

2) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү жана анын маалыматтарын актуалдаштырууну камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияс на к өмөк көрсөтсүн;

 

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

  1. Бишкек шаарынын мэри шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү аткаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
Бөлүшүү:
Next Post

Ангела Меркел тууганын, досун же жакындарын кызматка койгон жок

Германиянын алгачкы жана соңку  Канцлери Ангела Меркел 16 жылдык бийлигинде өлкө экономикасын эки эсеге көтөрдү. 2005-жылы Германиянын тизгинин колго алганда ИДПсы 28.000 евро болсо, 2021-жылы 42.000 еврого көтөрүлдү. Ангела Меркел соода-сатыгын өзү жүргүздү, орто катмар калк ээ болгон жөнөкөй үйдө жашады жана бир гана унаа сатып алды. Ал эч качан […]

Сизге жагышы мүмкүн