Сапаттын окуучулары информатика боюнча Эл аралык олимпиадада 5 медалга ээ болушту

Автор

2024-жылдын 10-12-февралда Румынияда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында Кыргызстандын 6 окуучу 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алды.
Алар:
– Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
– Ян Бобрус, Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
– Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
– Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
– Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу – коло медаль;
– Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин, 9-классынын окуучуcу – коло медаль;
Команданын лидерлери:
– Кылычбек Урайымов, Сапат олимпиада борборунун информатика олимпиада боюнча тренери;
– Медербек Осмонов, «Газпром Кыргызстан» мектебинин информатика олимпиада боюнча тренери;
– Нургул Бактыбекова, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин информатика мугалими;
– Анварбек Хайдаров, Ош “Сема” лицейинин информатика мугалими.
Олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казахстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кылмышка шектүүлөр электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөнөт

Эми Кыргызстанда кылмышка шектүүлөр электрондук билерик менен көзөмөлдөнөт. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган. Кабыл алынган мыйзам кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган, алдын алуу чарасын кошумча тандоо, заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү жана пайдалануу укугун карайт, атап айтканда: Кылмыш-жаза процессуалдык […]

Сизге жагышы мүмкүн