Бүгүн Бишкекте Орусия киносунун күндөрү башталат

Автор

Кыргызстанда 11-апрелден 14-апрелге чейин Россия киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен Роскино тарабынан уюштурулган.
Бул жылы көрүүчүлөргө орус тилиндеги кыргыз субтитрлери менен «Вызов», «Снегирь», «По щучьему велению», «Воздух», «Чебурашка» көркөм тасмалары тартууланат.
Тасмалар Бишкек жана Ош шаарларында көрсөтүлөт:
Бишкек, “Манас” кинотеатры, Ч. Айтматов проспектиси, 47а дареги
11-апрель 19.00 – «Вызов»
12-апрель 19.00 – «Снегирь»
13-апрель
15.00 – «По щучьему велению»
19.00 – «Воздух»
14-апрель 15.00 – «Чебурашка»
Ош, «Семетей» кинотеатры, Раззаков көчөсү, 8 дареги
12-апрель 19.00 – «Вызов»
13-апрель
15.00 – «Чебурашка»
19.00 – «Снегирь»
21.00 – «Воздух»
14-апрель 15.00 – «По щучьему велению»
Кирүү акысыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат

Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында жатаканада окуу үчүн барган кыргызстандык студенттер жана зыяратчылар жашайт. Жатакана ачуу чечимин президент Садыр Жапаров дагы колдоого алган. Бүгүнкү күндө имарат бөлүндү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн