Кылмышка шектүүлөр электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөнөт

Автор

Эми Кыргызстанда кылмышка шектүүлөр электрондук билерик менен көзөмөлдөнөт. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган.
Кабыл алынган мыйзам кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган, алдын алуу чарасын кошумча тандоо, заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү жана пайдалануу укугун карайт, атап айтканда:
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине электрондук жана башка техникалык контролдоо каражаттарын (электрондук билерик) пайдалануу аркылуу электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү алдын алуу чарасынын жаңы түрү киргизилүүдө;
жазык иштерин кароонун мөөнөттөрүн кыскартуу, тараптардын процесстик чыгымдарын кыскартуу, жакындарынын жана туугандарынын соттук отурумдар өтүүчү жерге баруусуна, аларды жайгаштырууга кеткен чыгымдарына байланыштуу кошумча чыгымдарды жоюу, коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жана Соттук териштирүүдө тартипти камсыз кылуу жана тараптардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо, процесстерге аралыктан (видеоконференция аркылуу) катышуусу камсыз кылынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Дыйкандар нааразылык акцияларын күчөтүүгө даярданып жатышат

Франциялык дыйкандар аларды колдоого багытталган өкмөттүн чараларына каршы нааразылык билдирип, Париждеги айыл чарба салонуна чейин бийликтерге кысымды күчөтүүгө даярданып жатышат. Марсельде фермерлер тракторлорду шаардык чиркөөнүн жана Европа жана музейлердин алдындагы борбордук аянтка алып чыгышты. 50гө жакын тракторду айдап чыгышып, порт жана аэропорттордун ишине тоскоол болушту. Дыйкандар супермаркеттерди да бутага алып, […]

Сизге жагышы мүмкүн