2024-жылы Кыргызстанда “Мектептер – 2030” глобалдык форуму өтөт

Автор

2024-жылы Кыргызстанда “Мектептер – 2030” глобалдык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон кабарлашкандай, билим берүү министри Каныбек Иманалиев жана министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева 5-7-июнь күндөрү Португалиянын Порту шаарында өтүп жаткан “Мектептер 2030/ Schools2030” глобалдык форумуна катышууда.

6-июнда Токтобүбү Ашымбаева “Мектеп системасында инклюзивдүү, адилеттүү жана плюралисттик билимди кантип жайылта алабыз?” деген темадагы панелдик талкууга катышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары форумдун катышуучуларына Кыргызстандын өкмөтү инклюзивдик саясатты жана мыйзамдарды түзүү, инфраструктураны жана ресурстарды өнүктүрүү, педагогдорду окутуу, маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана коомдук мамилени өзгөртүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды белгилегенин айтты.

“1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын саны 2022-жылдын сентябрына карата 1,5 млн баланы түзсө, ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үлүшү 2,4% түздү. 2022-жылы өлкөнүн 20 мектебинде педагогдун жардамчысы кызмат орду киргизилип, билимге муктаж балдар үчүн жекече окуу планы ишке ашырылууда. Учурда пилоттук долбоорго 56 мектеп катышууда”, – деди Токтобүбү Ашымбаева.

Бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Португалиянын билим берүү министри Жоао Костадан (João Costa) 2024-жылы “Мектептер 2030/ Schools2030” глобалдык форумун өткөрүү эстафетасын кабыл алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрназар Акматалиев күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Спортчу Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунду ээлеп, 5 200 упай топтогон. Азыр анын 50 200 упайы бар жана 70 килограммга чейинки спортчулар арасында […]

Сизге жагышы мүмкүн