Саламаттык сактоо министрлигинде кадр маселесин ким чечет?

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин жалпы жыйынында саламаттык сактоо министринин оң колу жана кеңешчиси Мавлянбай уулу Ринат аттуу жигиттен сөз кылып, саламаттык сактоодогу кадр маселеси ошол аркылуу ишке ашаарын, ал маркум Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун криминалдык тобуна таандык экенин билдирди.
“Бул жигит өмүрүндө мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Министрдин кылмыштуу топтор менен байланышын ошол Ринат бүтүрөт. Тармактагы кызмат орундарга, башкы дарыгерлерди же, директорлорду дайындоодо Ринат аркылуу акча алынып турат. Мисалы, Ринат аркылуу Кардиология институтунун директору Бекболот уулу Нурболоттон 50 миң доллар сураган. Ал бералбайм дегенде, кайра 3 күндөн кийин 20 миң доллар сураган. Аны да бере албайм дегенде, орунду бошотуп кой деген. Ал жигит жандуу күбө, мына, алдыңыздарда турат”,- деди депутат. Кардиологияда коррупциялык системанын өнүккөнүн, жүрөгүнө стент койдургандардан акча чогултулаарын, Элмира Тукушева деген айым Ринат аркылуу министрге акча жөнөтүп тураарын айтып, укук коргоо органдарын териштирүүгө чакырды. Президенттен “сизге мындай кадрларды ким сунуштайт”,- деп сурады Жусупбек Коргонбай, уулу.
Ал эми министр Алымкадыр Бейшеналиев жалпы дарыгерлер депутатты 100 млн сомго сотко берип жатыгканын, андан өндүрүлгөн каражатка заманбап оорукана курулаарын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Америкага сапар алгандарга эреже катаалдашты

“Түрк аба жолдору” АКШга учкан жүргүнчүлөргө эрежелерин катаалдаштырганын “Mediahub” маалымат агенттиги жазды. Маалыматта айтылгандай, Түштүк америка, Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга жол алган жүргүнчүлөр бара турган жеринде мейманканадан орун албаса, жүгү жок болсо, же, кайра кайтуучу билети болбосо, аба майданынан өткөрүлбөйт. Эгер сиз тоскоолдугу жок учуп кетүүнү ойлосоңуз, […]

Сизге жагышы мүмкүн