Америкага сапар алгандарга эреже катаалдашты

Автор

“Түрк аба жолдору” АКШга учкан жүргүнчүлөргө эрежелерин катаалдаштырганын “Mediahub” маалымат агенттиги жазды. Маалыматта айтылгандай, Түштүк америка, Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга жол алган жүргүнчүлөр бара турган жеринде мейманканадан орун албаса, жүгү жок болсо, же, кайра кайтуучу билети болбосо, аба майданынан өткөрүлбөйт. Эгер сиз тоскоолдугу жок учуп кетүүнү ойлосоңуз, анда жата турган жериңизди тастыктаган документ, сапарыңыздын максатын түшүндүргөн документ жана акча каражатыңыздын жетиштүүлүгүн тастыктап беришиңиз керек. Мындай абал Америкага мыйзамсыз жайгашуу аракетине чектөө коюу максатында жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Алымкадыр Бейшеналиев, министр: "Жусупбек Коргонбай уулу эркек эмес экен"

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнө айтылган сындарга жооп берди. Анын айтымында, аталган депутат мындан бир нече ай мурда Матисаков аттуу дарыгерди Ноокат райондук ооруканага башкы дарыгерликке дайындоону суранган. Ал мурда бузуулар боюнча кызматтан кеткендиктен министр аны дайындоодон баш тарткан. “Ошондон бери мага өчөшүп жүрөт. Мен министр болгондон бери текшерип […]

Сизге жагышы мүмкүн