Садыр Жапаров шыктуу балдардын “Акылман” лицейин ачты

Автор

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Акылман” президенттик лицейин ачты.

 

Өз сөзүндө мамлекет башчы чогулгандарды ушундай маанилүү күн менен куттуктады.

 

“Ооба, өлкөбүздө өзгөчө шыктуу балдар арбын, дал ошондой шык, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарыл. Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси илимде дагы өтө актуалдуу болуп турган учур. Мына ошондуктан, өлкө аймагындагы мындай таланттуу балдарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекетибиздин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат.

 

Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот деп эсептеймин. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн, катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат.

 

Биз ар дайым, “Балдар – биздин келечегибиз!” деп айтып келебиз. Эми айтып эле тим болбой, “Акылман” лицейин түптөп, алдыга коюлган максатын ишке ашыруу менен жалпы мектептерде ар бир окуучунун талантын ачууга, алардын катарынын көбөйүшүнө өбөлгө бололу деген ниетте турабыз. Бул максатта мектеп окуучулары арасында ар кандай кароо-сынактарды, билимин аныктоочу олимпиадаларды системдүү түрдө уюштуруп туруу негизги иш-чарага айланышы зарыл”, – деди ал.

Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында түзүлдү.

Долбоорго ылайык, лицейге бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өткөрүлүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча эки этап менен жүргүзүлөт:

 

I этап – тестирлөөгө катышуу үчүн тапшырылган окуучулардын документтерин баалоо;

 

II этап – тестирлөөгө катышуу жана тестирлөөдө алган баллдардын рейтинги боюнча жана белгиленген кабыл алуу квотасына ылайык окуучуларды тандоо жүргүзүү.

 

Ар бир класстагы окуучулардын саны 24төн ашпоого тийиш.

 

Лицейде окутуу – акысыз, лицейге башка аймактан келген окуучулар интернатта бекер жашоого жана тамактанууга укуктуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат

1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышы башталат. Протоколго […]

Сизге жагышы мүмкүн