Садыр Жапаров Тыныбекова баштаган спортчуларды куттуктады

Автор

Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчу кыздарды куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Президент кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөткөндүгүн билдирди.

«Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди.

Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм!

Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт.

Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз.

Учурдан пайдаланып спортчуларыбыздын машыктыруучулар курамына да ыраазычылык билдирем.

Ошону менен катар эртең килемге чыга турган эркин күрөш боюнча балбандарыбызга ийгилик каалайм», – деди президент.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн "Бир окуучу — бир көчөт" акциясы башталды

Республиканын билим берүү мекемелеринде “Бир окуучу — бир көчөт” акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, иш-чара “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.   Акцияга ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышып, билим берүү мекемелеринин айланасына жаш […]

Сизге жагышы мүмкүн