Бишкекте II Элдик курултай аяктап, резолюция кабыл алынды

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган экинчи Элдик курултай аяктады.
Элдик курултайга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты. Эки күндүн ичинде 129 делегат өз ой-сунуштарын айтууга жетишти.
Бүгүн курултайдын экинчи күнүндө делегаттар кайрадан жарыш сөзгө чыгып, түштөн кийин алардын суроолоруна мамлекет башчысы кеңири жооп берди.
Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

ФИФА рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курамасы төмөндөдү

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы дүйнөлүк рейтингде 130-орунга чыгып (192 орундун ичинен) эки позицияга төмөндөдү. Бул тууралуу КР Кыз-келиндер футболу ассоциациясынан билдиришти. Жаңыланган рейтинг күн мурун fifa.com сайтында жарыяланды. Ал эми АФК рейтингинде команда 25-сапка (39 орундун ичинен) төмөндөдү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн