Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин отурумуна катышууда

Автор

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышууда.
Жыйын Россиянын президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин төрагасы Владимир Путиндин төрагалыгы астында өтүп жатат, анын ишине Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.
ЖЕЭКтин тар курамдагы отурумунун алдында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү болуп өттү.
Андан кийин жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.
Отурумдун жүрүшүндө тараптар 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттерин жана негизги багыттарын карап чыгышат.
Эскерте кетсек, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши – Евразия экономикалык бирликтин жогорку органы.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу дагы бир шаар көзөмөлгө алынганын айтты

Орус аскерлери Донецктин жанындагы Марьинка шаарын көзөмөлгө алышканын Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путин менен жолугушууда билдирди. «Биздин аскер кызматкерлеринин чечкиндүү аракеттеринин аркасында аймактын чебин талкалады»,-деди Шойгу. “Бул конуштун бошотулушу табигый түрдө Украинанын куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн азайтат жана бул багытта мындан аркы аракеттер үчүн бизге кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет”,-деп […]

Сизге жагышы мүмкүн