Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Автор

Ысык-Көл облусунда Камчы Асанбекке (Көлбаев) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» беренеси), 222-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)») фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргызстандын Н.Р.Р. аттуу жараны 2022-жылдын март айында «Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасы менен 115 га жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.Р.Р. тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский а/а 80 гектар жана Семеновский а/а 35 гектар жер тилкесин пайдаланганы аныкталган. Ошол эле учурда Н.Р.Р. К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын (бодо мал, ж.б.) багып, аларды багуу үчүн тоют өстүрүп, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген.

Учурда УКМК тарабынан Ысык-Көл районундагы көрсөтүлгөн 115 гектар жер, “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын жери мамлекетке кайтарылып берилди.

УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Эдил Байсалов аял депутаттар менен кайым айтышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аял депутаттардын таландысында калды. Парламенттеги комитет жыйынында дарыгерлердин айлык акыларынын аздыгы боюнча талкуу жүрүп жаткан. Депутат Аида Изатбек кызы ординаторлордун айлык маянасына кызыкты. Эдил Байсалов саламаттык сактоо министринин орун басарына “Караколдогу оорукананын ординатору канча сом алат, ошонун справкасын Аида Изатбек кызына берип койгулачы”,- […]

Сизге жагышы мүмкүн