Садыр Жапаров Кыргызстанда туулган россиялык космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде — Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Мамлекет башчысы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы — Эл аралык космонавтика күнү менен куттуктады.

Ал атактуу мекендештерин алар үчүн жакын болгон, туулуп-өскөн кичи мекенинде — Кыргызстанда дайыма кубануу менен тосуп аларын белгиледи.

Садыр Жапаров Мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

 

«Албетте, азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, Сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм», — деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

 

Өз кезегинде космонавт Сергей Корсаков Президентке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал үчүн дагы бир жолу туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи.

 

«Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда мен билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», — деди космонавт.

 

Эл аралык космос станциясынын бортунда жеке буюмдарга чектөөлөргө карабастан, ал өзү менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди.

Бөлүшүү:
Next Post

13-апрелде күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-апрелде өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.   Аба температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28,   Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,   Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,   Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,   Нарын облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн