Жаныбек Жоробаев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды

Автор

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басарлыгына Жаныбек Жоробаевди шайлашты.
Парламентте акыйкатчы Жамиля Жаманбаева анын өмүр баяны менен тааныштырды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш акыйкатчынын орун басарлыгына Жаныбек Жоробаев шайланып, бул багытта Жогорку Кеңештин тийиштүү токтому кабыл алынды.
Депутаттар ошондой эле акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карашты.

Бөлүшүү:
Next Post

“Ихсан” кооперативинин иши иликтенүүдө

Ички иштер министрлиги “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин ишин иликтөөнү улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аталган турак жай кооперативине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын 17-ноябрында “Ихсан Групп” кооперативинин жооптуу кызматкери А.О.Т тергөөгө […]

Сизге жагышы мүмкүн