Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон берилет

Автор

Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында бул үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлгөн. Учурда мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштады.
“Өткөн эки жылда 12 миң 800 үй-бүлө алса, быйыл 20 миң үй -бүлөгө каражат бөлүндү. Мамлекеттин колдоосун алгандардын 99%ы жакырчылыктан арылып, өз алдынча бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып жатат.
Эми тоголок жетим балдарга дагы 500 миң сомдон банк эсебине салынып, бала 18ге чыкканда колуна берилет”, – деди Акылбек Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат

Кыргызстанда 8-апрелден тартып 2024-2025 окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо башталат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл дагы жылдагыдай эле 1-класска кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөт: биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин; экинчи этап 3-июндан 30-августка […]

Сизге жагышы мүмкүн