Президенттин 19-февралдагы жолугушуусу Балыкчы шаарында өтүп, ага Тоң жана Кочкор райондору менен Нарын облусунун жергиликтүү активисттери катышканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Кызыл-Омпол кенин иштетүү боюнча маселе козголгон.
Ошондой эле президент социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жана алдыдагы максаттар, инвестицилык долбоорлор жөнүндө айтып берген.
Өкмөт былтыр Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенин 300 млрд долларлык запасы бар деп билдирген эле.
Расмий маалыматтарда Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылганы айтыдат. Анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар жана торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты сыяктуу заттардын кени бар.