Зинакан Пасаңова: Умай эне (аңгеме)

Автор

Умай энелүү болгон кандай жакшы. Анткени, ал түн ичинде уктап жатканында Айдан түшүп келип, анын жаздыгынын алдына эң таттуу нерселерди таштап кетет.

Акылбектин эмне каалаганын да күн сайын билип турат. Кечээ «киндер-сюрприз» момпосуюн суранды эле. Эрте менен ойгонгондо өзү жаткан жаздыкты көтөрүп караса жумурткудай сүйрү, ичинде оюнчугу бар шоколад жатыптыр. Анны көкүрөгүнө кубана кысып: «Рахмат, Умай эне!», – деп алкышын айтканды да унуткан жок.

Анан:

— Эмне үчүн Умай эне мага көрүнбөйт? – деп капалана сурады апасынан.

— Умай эне Айда жашайт. Түнү Ай чыкканда гана келет, ага чейин сен уктап каласың да.

Акылбек Айдын чыгышын күтүп, уктабай олтурам деп көп жолу аракеттенди. Бирок, караңгы киргенде эле көздөрү жумула баштайт. Уктап баратып: «Бугун мага Умай эне эмне алып келээр экен?» деген таттуу ойго көшүлөт.

Умай эне кежир балдарды жаман көрөт. Ошондуктан, Акылбек бөбөгүн ыйлатып койсо, апасынын тилин албаса, же достору менен чатакташса анын белегинен куру калат. Умай энени ачуулантпаш үчүн терс кылык-жоруктарынан арыла баштады. Өзү билип эле гүлдөргө суу куюп, бөбөгүнүн оюнчугун талашпай, кайра аны ойнотуп, апасына да жардам берет.

Акылбектин тартиптүү бала болгону Умай энеге да жагат. Акыркы күндөрү ага түн ичинде тез-тез келип турчу болду. Жаздыгынын алдына таштап кеткен момпосуйбу, же таттуу токочпу – баары ушунчалык даамдуу, мындай шириндиктерди эч качан жей электей сезилет.

Акылбек туулган күнүн аябай күтүп жүрдү. Жаздын биринчи күнү ал беш жашка чыкмак.

— Умай эне мага кандай белек тартуулайт? – деп апасынан кайра-кайра сурайт.

— Өзүң сурап көр, – деди апасы.

Туулган күнү болоордон бир күн мурда Акылбек уктаардын алдында Умай эне менен сүйлөштү:

— Умай эне, мен сени аябай жакшы көрөм, Мага эч кимде жок белек алып келчи?

Ушул түнү түшүндө Умай эне аны өзү менен кошо Айга алып кетиптир. Апасына окшош көздөрү өтө мээримдүү, ак жоолук салынган, жүзүнөн жылмаюу кетпеген аял экен. Ал Акылбекти кучагына кысып, бетинен сүйүп:

— Туулган күнүң менен! Мындай белекти эч ким ала элек. Алаканыңды сун!, – деди .

Анан баланын ачылган алакандарына бир кочуш жылдыз салды. Оттуу жылдыздар жарк-журк этип көз уялтат. Ура-а! Акылбек ар дайым түнү алыскы асмандан көрчү бул жылдыздарга колун тийгизип кармалап көрүүнү ар убак эңсөөчү. Айга учуп барууну кыялданчу. Эми ага дүйнөдөгү бардык балдардын суктанары анык. Жылдыздарды кучактаган Акылбектен өтөөр бактылуу бала жок болсо керек. Умай энелүү болгон кандай жакшы.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ хуситтерге каршы жаңы сокку урганын ырастады

Америка Кошмо Штаттары Йемендеги хуситтерге каршы жаңы чабуулун баштады. Бул тууралуу Reuters агенттиги америкалык администрациянын эки өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди. Буга чейин хуситтерге таандык Al Masirah телеканалы АКШ менен Британиянын аскерий учактары Йемендин борбору Санага жаңы абадан сокку урганын кабарлаган. Улуу Британиянын бийликтери британ куралдуу күчтөрүнүн жаңы соккуга катышканын […]

Сизге жагышы мүмкүн