Садыр Жапаров: “Коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана күчөтүлөт”

Автор

Коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда билдирди.
“Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган”, – деди президент.
Садыр Жапаров узыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.
“Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат. Бул жаатта күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук комитети өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат. Жерибиздин тынчтыгын, элибиздин бейпил жашоосун камсыздап, коркунуч туудурган ар бир көрүнүш менен олуттуу күрөшүүдө. Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы элдешкис күрөш жүргүзүлүүдө. Коррупция менен күрөшүү – бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет болушу керек! Коомдун бардык деңгээлдеринде коррупцияны алдын алуу үчүн биз дайыма сак болушубуз керек. Цивилизациялуу мамлекеттин дагы бир маанилүү көрсөткүчү – уюшкан кылмыштуулуктун жоктугу”, – деди мамлекет башчысы.
Президент өз сөзүндө кылмыш элементтери бар өлкөгө бир дагы инвестор инвестиция салбай тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 19:00дө өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи болот. Андыктан саат 18:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин Чүй проспектисинин бир бөлүгү тосулуп турат. Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн