Садыр Жапаров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Автор

Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

 

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Кыргыз журналистикасы жана басма сөз маалыматтары эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келет.

Бүгүн маалымат алмашуу чагылгандай тездик менен жүрүп жаткан мезгил. Керек болсо жаңылыктар бир нече секунданын ичинде Жер шарын айланып өтөт. Бул ыкчам доордо сиздер аркалаган кесиптин – жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду өзгөчө мааниге ээ. Заман жүгүнө жараша басылмалардын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө, Интернет аркылуу окурмандардын саны да артууда. Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт.

Анткен менен көп кылымдык басма салты жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын басып өткөн тарыхы жоголгон жок деп ишенем. “Төртүнчү бийликтин” күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болуп келген, мындан ары да болуп кала берет.

Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын, өз ишин ар-намыс, ариет менен аткарып, журналисттин негизги принциптерин – басылманын татыктуу ийгилигинин башаты болуп калган ишенимдүүлүктү, объективдүүлүктү жана ыкчамдыкты жетекчиликке алган адистердин эмгектерин жогору баалайбыз.

Тандаган кесибиңиздерге ак ниет мамиле кылып, кесипкөйлүктү туу тутуп, коомубуздун туура багытта өнүгүшүнө берилүү менен кызмат өтөп келе жаткандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Журналисттер күнүн жалпы майрам деп атасак да жарашат. Анткени азыркы коомду маалыматсыз, маалымат каражаттарысыз, болуп жаткан окуяларга кесипкөй көз карашсыз элестетүү кыйын.

Урматтуу курч калем ээлери, ар дайым калыстыктан тайбай, тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактап, коомдо адилет пикирди жаратууңуздарга тилектешмин. Ар бир сөзүңүздөр окурмандардын, көрүүчүлөрдүн, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын.

Сиздерге чың ден соолук, чыгармачыл эргүү жана кесиптик ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Майрамыңыздар менен!”.

Бөлүшүү:
Next Post

Хамас Газанын түндүгүн көзөмөлдөй албай калганы айтылды

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн өкүлү Даниэль Хагари акыркы брифингде Хамас тобу Газа тилкесинин түндүгүн көзөмөлдөй албай калганын билдирди. Хагари анклавдын 50 миңдей тургундары түндүктөн түштүккө көчкөнүн билдирди. Ал жакта дары-дармек, тамак-аш, суу бар экенин түшүнгөндүктөн кетип жатышканын кошумчалады. Күн сайын газалыктарга бомбалоолордон качуу үчүн түндүктөн Египет менен чек арага жакын түштүк […]

Сизге жагышы мүмкүн