Садыр Жапаров Германияга учуп кетти. Коштоп кеткендер…

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

 

Биринчи айым Айгүл Жапарова;

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

Президентти администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов: "Бишкекти экс-мэрлер бөлүп алышкан"

“Бишкек шаарын экс-мэрлер бөлүп алышыптыр. Аларга эч кимдин алы жетпейт экен”,- деп билдирди Шайлообек Атазов бүгүн, 28-сентябрдагы парламентин жалпы жыйында. Депутат башкы көзөмөл органдын ишин сындап, профсоюз федерациясынын кылмышка шектүү иштерин сотко өткөрбөй басып жатышканын айтты. Ал эми Акүйдүн артындагы мыйзамсыз салынган үйдү тазалай албай жатышканын, ага эч кимдин тиши […]

Сизге жагышы мүмкүн