Кыргызстанда абанын температурасы жогорулайт

Автор

Кыргызстанда жакынкы үч күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт. Мындай маалыматты КР ӨКМге караштуу Кыргызгидрометеорология кызматынын адистери билдирди.
Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, түнкүсүн -14⁰ , -19⁰, күндүзү -0⁰, – 5⁰ суук болот.
Ал эми 18-декабрдан баштап күндүн температурасы күндүзү 0⁰тан жогору болушу күтүлүүдө. Адистер жалпысынан декабрда аба ырайы норманын чегинде болорун белгилешет.
Белгилей кетсек, өлкөдө акыркы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөдү. Бишкекте 13-декабрга караган түнү -23,5⁰ суук катталганын өлкө синоптиктери айтып беришти. Ошондой эле алардын айтымында, Кыргызстан баюнча эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер метеостанциясында -33⁰ жана Талас облусуннун Бакай-Ата районунда жайгашкан Кызыл-Адыр метеостанциясында -31⁰ди көрсөткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек-Пекин аба каттамы ачылат

2024-жылдын 24-январдан тарта Пекин– Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги билдирди. Маалыматка ылайык, кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү аткарат. Буга чейин “Манас” аэропорту 12-декабрдан тарта Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз […]

Сизге жагышы мүмкүн