Белгилүү обончу Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет

Автор

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу жана ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында болмокчу. Башталышы саат 18:00дө.
Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган.
1970-жылы Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүн, 1974-1979-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.
1963-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына хордун артисти, 1970-1976-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкант, 1979-1982-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист, 1982-жылдан баштап Республикалык кесиптик-техникалык окуу жайынын маданият ордосунун директору болуп эмгектенген.
2010- жылы ардактуу эс алууга чыгып, 2011-жылы 68 жаш курагында жүрөк оорудан улам каза болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдө кагылышуулардын саны эң жогорку чекке жетти

Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 183 аймактык чыр-чатактар ​​болгон. Бул акыркы 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Окумуштуулар Кытай менен Тайвандын ортосундагы кагылышуу коркунучуна, ошондой эле Жакынкы Чыгышта согуштун жайылуу коркунучуна көңүл бурушту. Чек ара чатактары дүйнөнүн бардык жеринде болуп жатканы белгиленди. Орус-украин чатагы уланууда, […]

Сизге жагышы мүмкүн