Саакашвили абактан чыкканда Зеленскийге жардам берерин айтты

Автор

Михаил Саакашвили өз өлкөсүнө жардам берүү үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, Грузияга кайтып келгенин айтты. Эми эркиндикке чыккандан кийин ал Украинага жардам берерин баса белгиледи.
“Киевге кайтып келгенде толугу менен Зеленскийге жардам берем, балким Грузияга жардам бергенге убактым болбошу мүмкүн”,-деди саясатчы грузиндерге кайрылып.
Ал 2021-жылдын сентябрында, шайлоого аз калганда мекенине жашыруун кайтып келген. Бир нече күндөн кийин полиция жана атайын кызматтар саясатчынын таап алышкан. Ал Тбилисиде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
2021-жылдын октябрында Михаил Саакашвили 50 күн ачкачылык жарыялап, реабилитация үчүн Горидеги аскердик госпиталга которулган. 2022-жылдын февралында түрмөгө кайтып келгенден кийин саясатчы дагы 20 күнгө ачкачылык жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Акыркы 50 жылдагы жер титирөөлөр

Адамзат тарыхында табият кырсыгы дайыма арман – асирет менен коштолуп келген. XXI-кылымдын илимпоздору зилзалаларды божомолдоого болоорун бирок, күнүн жана айын белгилөө мүмкүн эмес дешет. Зилзала жер алдындагы газдын топтолушунан, анын суу же, нымдуулук менен тийишкен учурда жердин жарылышынан улам пайда болоору аныкталган. АПТА атайын сиздер үчүн акыркы 50 жылдагы зилзалалар […]

Сизге жагышы мүмкүн