Индиянын премьер-министри БУУну реформалоого чакырды

Автор

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Хиросимадагы “Чоң жетиликтин” жыйынында БУУну реформалоого чакырды.
«Эмне үчүн ар кайсы форумдарда тынчтык жана стабилдүүлүк жөнүндө сөз кылышыбыз керек? Тынчтык орнотуу идеясы менен түзүлгөн БУУ эмне үчүн бүгүнкү күндө чыр-чатактын алдын ала албай жатат? Эмне үчүн БУУ терроризмдин аныктамасын кабыл алган жок? Бир нерсе айкын көрүнүп турат. Өткөн кылымда түзүлгөн институттар 21-кылымдын системасына туура келбейт»,-деди Моди.
Премьер-министр эч кандай реформалар болбосо жана БУУ жана анын Коопсуздук Кеңеши чыр-чатактын алдын алуу жөнүндө жөн эле сүйлөй берсе, уюм “сүйлөшүүчү жай” бойдон калат деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан быйыл чет өлкөгө 822 кг алтын сатты

Ушул жылдын I кварталында Кыргызстан жалпы суммасы 50 млн 296,009 долларга 822 кг 137,4 грамм алтын сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин документинде айтылат.   Маалыматка ылайык, алтынды төмөнкү мамлекеттер сатып алган:   Кытай (Гонконг) – жалпы суммасы 9 млн 698,859 миң долларга 167 кг 882,1 грамм; Швейцария – жалпы […]

Сизге жагышы мүмкүн