«Рулда» рейди: 251 мас айдоочу аныкталды

Автор

 

13-19-июнь аралыгында жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында «Рулда» аталышында рейд өткөрүлүп, 251 мас айдоочу аныкталды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ошондой эле 22 миң 240 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Анын ичинен:

 

— мас абалында унаа башкаргандар 251 айдоочу;

— көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдагандар 3 529 айдоочу;

— терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 65 айдоочу;

— мамлекеттик номуру жок унаа айдагандар 37 айдоочу;

— тийиштүү докумменттери жок унаа башкаргандар 209 айдочу;

— кызматкерлердин токтотуу талабына баш ийбей кармалгандар 20 айдоочу;

— коопсуздук курун тагынбагандар 4 216 айдоочу;

— башка жол эрежелерин бузуулар 13 913 айдоочу;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 1537 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да күчөтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.   Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!   Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекеттик түзүлүштүн туруктуу өнүгүшүндө жана калкка кызмат кылууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгеги зор.   Сиздердин чаалыкпаган […]

Сизге жагышы мүмкүн