Мыйзамсыз мигранттарга GPS трекерлери тагылат

Автор

Улуу Британиянын бийлиги мыйзамсыз мигранттарды жайгаштырууга орун жетишпегендиктен GPS трекерлери менен белгилешти.
Мигранттарды кармоочу жайлар болгону 2,5 миң адамга эсептелген.  Ошол эле учурда 175 000ден ашуун адам азыр аларга башпаанек берүү чечимин күтүп жатышат, бул салык төлөөчүлөргө жылына дээрлик 4 миллиард фунт стерлинг чыгым алып келет.
Кээ бир аткаминерлер мындай чара чоң чыгымдарды жана трекерлердин жетишсиздигин алып келет деп эсептешет.
Мигранттар көбүнчө Ла-Манш аркылуу өтүп, Улуу Британияга баруу үчүн мүмкүнчүлүк издешет, бул жерде аларды социалдык программа, качкын макамын алуу мүмкүнчүлүгү жана каржылык жардам кызыктырат.
2022-жылы Британияга келген мигранттардын жалпы саны 45 миңден ашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайлар туз камдоого киришти

Япония Фукусима-1 атомдук электр станциясынан тазаланган сууну агылып жатканда Россиянын бажысында  кытай жарандары туз ташыганы  катталды. Уссури бажысында  кызматкерлери туздун салмагын эсепке алышпаганы менен бул азык  мурда ташылып жаткан товарлардын тизмесинде жок экенин белгилешти. Өткөн бейшембиде   Кытай Японияда жасалган деңиз азыктарын импорттоого тыюу салып, азыктардын башка түрлөрүнө бажы көзөмөлүн күчөтөрүн […]

Сизге жагышы мүмкүн