Россия Африка өлкөлөрүнүн 23 миллиард доллар карызын кечти

Автор

Россия Африка өлкөлөрүнүн 23 миллиард доллар карызын кечти. Бул тууралуу президент Владимир Путин Санкт-Петербургда өтүп жаткан Россия-Африка саммитинде  билдирди.

Президент кошумчалагандай, Россия Африка өлкөлөрүнө айыл чарба азыктарын жеткирүүнү көбөйтөт. “Африка өлкөлөрүнүн акыркы суроо-талаптарына ылайык, биз бул максаттарга, аларды өнүктүрүүгө 90 миллион доллардан ашык каражат бөлөбүз”,-деди Путин.

Путиндин айтымында, санкцияларга карабастан  2022-жылы Африка өлкөлөрүнө 11,5 миллион тонна, ал эми быйылкы жылдын алты айында  10 миллион тонна эгин жөнөтүлгөн.

Россия-Африка саммити 27-28-июль күндөрү Санкт-Петербургда өттү. Россияга Африканын 54 өлкөсүнөн 49 адамдан турган делегация келди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеңиш чокусуна багыт алган альпинисттер дайынсыз болууда

Кыргызстандын Жеңиш чокусун багындырууга  аракет кылган  төрт чет элдик альпинисттен турган топ дайынсыз болууда.  Алар менен байланыш  19-июлдан 20-июлга караган токтогон. Топ чокуга техникалык жактан татаал  Абалаков багыты боюнча чыккан. Трекерлердеги маалыматтары альпинисттер 7300 метр бийиктикте чыкканын, андан кийин түшө баштаганын көрсөттү. Бир канча убакыттан кийин трекер 6579 метр бийиктикке […]

Сизге жагышы мүмкүн