Путин менен Эрдоган “дан келишими” боюнча макулдаша алышкан жок

Автор

Орус президенти Владимир Путин менен түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандын Сочидеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүлөрүнө караганда, Россия менен Түркия “дан келишимин” кайра баштоо боюнча бир пикирге келе алышкан жок.
«Биз Россиянын айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча бардык келишимдер аткарылгандан кийин дан келишимин кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даярбыз»-деди Путин жолугушуудан кийин. Орус президенти Киевди гуманитардык коридорлорду террордук чабуулдар үчүн пайдаланып жатканын, ал эми Россия дан коридорунун боюндагы коопсуздукту камсыз кылганын баса белгиледи. Путиндин айтымында, Россия өз алдынча азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоону улантуу ниетинде жана Россия дан эгиндерин жеткирүү боюнча Африканын алты өлкөсү менен сүйлөшүүлөрдү аяктоого аз калды.
Владимир Путин менен түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү, 4-сентябрда Сочиде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү, анын негизги темасы “дан келишимин” кайра баштоо болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн жагууга чектөө кирди

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу  “Кыргыз көмүр” ишканасы билдирди. Учурда базаларда негизинен Казакстандын көмүрү сатылууда. Чечим ыш менен күрөшүү үчүн кабыл алынды. Кара-Кечедеги көмүрдүн зыяндуулугу жогору деп эсептелинет. Бийлик Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга тыюу салуу менен борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртса болот деп ниет кылышууда. Буга чейин Бишкектин […]

Сизге жагышы мүмкүн