Жеңиш чокусуна багыт алган альпинисттер дайынсыз болууда

Автор

Кыргызстандын Жеңиш чокусун багындырууга  аракет кылган  төрт чет элдик альпинисттен турган топ дайынсыз болууда.  Алар менен байланыш  19-июлдан 20-июлга караган токтогон.

Топ чокуга техникалык жактан татаал  Абалаков багыты боюнча чыккан. Трекерлердеги маалыматтары альпинисттер 7300 метр бийиктикте чыкканын, андан кийин түшө баштаганын көрсөттү. Бир канча убакыттан кийин трекер 6579 метр бийиктикке чукул төмөндөөнү көрсөттү. Ошол учурдан тартып альпинисттер байланышын токтотушкан. Тик учак менен издөө  эч кандай жыйынтык берген жок.

Төрт альпинист тең Россиядан. Алардын экөө бир нече жыл мурда Кыргызстанда таанышып, бул жерде жашап калышкан жубайлар Дмитрий менен Светлана Павленко.

Дмитрий 54 жашта болчу. Тажрыйбалуу альпинист, бийик чыгуулар үчүн ыйгарылат эң жогорку эл аралык «Алтын муз балтасы сыйлыгынын лауреаты, «Ак илбирс» наамына ээ. Ал Жеңиш  жана Хан-Теңири чокуларына ийгиликтүү чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Түштүк Африка Apple колдонууну токтотууга чакырды

Мамлекеттик жетекчилер  iPhone  тегерегинде өздөрүн коопсуз сезе алышпайт.  Мындай пикирин Түштүк Африка президентинин киберкоопсуздук боюнча кеңешчиси Жозеф Пу Россия-Африка саммитинин алкагында билдирди. Буга байланыштуу саясатчы өкмөт өкүлдөрүн америкалык Apple компаниясынын түзүмдөрүнөн баш тартууга чакырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн