Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди

Автор

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Россия президенти Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

 

Расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

«Мегаком» компаниясын  Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды

“Альфа Телеком” (соода маркасы MEGA) компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды. Бул тууралуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ “Альфа Телеком” ЖАКтын мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлдү. Электрондук сатууга катышуу үчүн эки компаниядан билдирүү түшкөн:   “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК; […]

Сизге жагышы мүмкүн