Путин элине жана “Вагнердин” жоокерлерине кайрылды

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин ишемби күнкү өлкөдө Евгений Пригожин баштаган козголоң аракетинен кийин элине кайрылуу жасады.
“Бүгүн мен дагы бир жолу Россиянын бардык жарандарына кайрылам. Сабырдуулугуңуз, тилектештигиңиз жана мекенчилдигиңиз үчүн рахмат. Бул жарандык тилектештик ар кандай ички башаламандыктарды жаратуу аракеттери ийгиликсиз болоорун көрсөттү.
Бардык деңгээлдеги коомдун, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин эң жогорку консолидациясы көрсөтүлдү. Коомдук уюмдар, диний конфессиялар, алдыңкы саясий партиялар, чындыгында бүткүл орус коомчулугу конституциялык түзүлүштү колдоо боюнча бекем, ачык-айкын позицияны карманышкан. Баарын башкы нерсе — Ата Мекендин тагдыры үчүн жоопкерчилик бириктирип, баш коштурду. Башынан эле келип чыккан коркунучту нейтралдаштыруу, конституциялык түзүлүштү, жарандарыбыздын өмүрүн жана коопсуздугун коргоо боюнча бардык зарыл чечимдер дароо кабыл алынганын баса белгилейм.
Куралдуу көтөрүлүш кандай болгон күндө да басылмак. Козголоңдун уюштуруучулары, адекваттуулугун жоготсо да, муну түшүнбөй коюшкан жок.
Россиянын душмандары Киевдеги неонацисттер жана алардын батыштагы колдоочулары жана ар кандай улуттук саткындар дал ушул жыйынтыкты, бир туугандык кыргынды каалашкан. Алар орус жоокерлери бири-бирин өлтүрүшүн, аскер кызматкерлери менен карапайым калк өлүшүн, акыры Россия утулуп, коомубуз экиге бөлүнүп, кандуу жарандык кагылышууга муунуп калышын каалашкан.
Фронтто жана контрчабуул деп аталган ийгиликсиздиктери үчүн өч алууну кыялданышкан.
Козголоңчуларга тоскоол болуп, өз милдетине, антына, элине бекем турган биздин бардык аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, атайын кызматтарга ыраазычылык билдирем. Курман болгон баатыр-учкучтардын эрдиги жана жан аябастыгы Россияны кайгылуу кыйраткыч кесепеттерден сактап калды.
Вагнер тобунун жоокерлеринин жана командирлеринин басымдуу көпчүлүгү өз элине жана мамлекетине берилген патриоттору экендигин билчубуз жана билебиз. Алар Донбассты жана Новороссияны бошотуп, согуш талаасында эрдиги менен далилдешти. Аларды өлкө үчүн, анын келечеги үчүн чогуу күрөшкөн куралчан бир туугандарына каршы колдонууга аракет кылышкан.
Окуялардын башынан эле менин түздөн-түз көрсөтмөм менен көп кан төгүлбөш үчүн кадамдар жасалды. Жаңылыштык кетиргендерге өз оюн өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берүү, алардын иш-аракеттери коом тарабынан катуу четке кагылып жатканын жана алар сүйрөлгөн авантюра Россия үчүн, биздин мамлекет үчүн кандай кайгылуу, кыйраткыч кесепеттерге алып келерин түшүнүү убакытты талап кылды», – деди Путин.
Ал «Вагнер» жоокерлерине кайрылуусунда
«Вагнер тобунун солдаттарына жана командирлерине бирден-бир туура чечимди кабыл алган – алар бир туугандык кан төгүүгө барбай, акыркы сапта токтошконуна ыраазычылык билдирем.
Бүгүн сиздерде Коргоо министрлиги же башка укук коргоо органдары менен келишим түзүп, Россияга кызмат кылууну улантууга же үй-бүлөңүзгө, досторуңузга кайтууга мүмкүнчүлүк бар. Ким кааласа Белоруссияга бара алат. Мен берген убада аткарылат. Дагы бир жолу айтам, тандоо силердики, бирок бул катасын түшүнгөн орус аскерлеринин тандоосу болоруна ишенем»,- деди.
Путин Лукашенкого кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Арапа күнү. Кандай амалдарды жасоо керек?

Бүгүн, 27-июнь, мусулмандарга маанилүү күндөрдүн бири болгон Арапа күнүнө туура келет. Бул күндү кандай өткөрүү зарыл? Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бул күндүн улуктугу туурасында минтип айткан: «Арапа күнүнөн башка Алла Таала (көптөгөн) кулдарды тозок отунан азаттыкка (көп) чыгарган күн жок». Демек, мусулмандар Арапа күнүнө өзгөчө маани бериши керек. […]

Сизге жагышы мүмкүн