Роналдиньо Кыргызстанда 3 күн болорун айтты

Автор

Бразилиялык атактуу  футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келерин өзү билдирди. Ал видео кайрылуу жасады.

«Салам Кыргызстан. «Барса» расмий Кыргызстанда. Мен «Барса» легендалары менен кошо 3 күн сиздер менен болом. Жашасын Барса! Жашасын Каталония!  Жашасын Кыргызстан!», — деди ал.

Кыргызстанга  Роналдиньо менен испаниялык футболчу Карлес Пуйоль жана аргентиналык футболчу Хавьер Савиола да келишет. Алар «Барселона» клубунун КМШдагы футбол академиясынын ачылышына катышат. Иш-чара 28-30-август күндөрүнө белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:36да өлкөнүн Ысык-Көл облусунун аймагында, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Светлая Поляна, Ырдык, Мундуз, Тилекмат, Кызыл-Суу, Оргочор, Чоң-Кызыл-Суу, айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар […]

Сизге жагышы мүмкүн