Расул ГАМЗАТОВ: “Чыңгыз Айтматовго”

Автор

Кудуреттүү сөз күчүнө жан салып,
Кымызды эмес, куйчу каркыт шыңгысын,
Жашоо сонун, мен кайрадан таң калып,
Салам айтам сага досум Чынгызым!

Майрамыңа учуп келдик алыстан,
Жылдыз жанган сааттарыңа бат эле,
Бир кайгыны жашыра албайм азыр да,
Болбогонго арабызда ата энең.

Сени өстүргөн энекеңдин алдында,
Ойлор басып таазим кылып жатамын,
Көлөкө эмес тирүүлөрдүн айлында,
Элеси бар, курман болгон атаңын.

Атакеңе өчпөс ысым тургузуп,
Өзүң болдуң энекеңди сүйүнткөн,
Чыксаң дагы Фудзи тоого тырмышып,
Сен эч кимди карабадың бийиктен.

Көбүктөнгөн колумдагы шарапты,
Көтөрөмүн өзүң үчүн, тууганым,
Бир ыптасы европалык атактуум,
Бир ыптасы азиялык бууданым.

Толкуса да канча толкун күндө күн,
Бүт кайыктар өзгөртсө да кезегин,
Бирок бардык булуңуна дүйнөнүн,
Кире берет ак кемең деп сеземин.

Жаман көрбө Гамзат уулу Расулду,
Мен өзүңө суктанычтан оорудум,
Жамийла да айылынан авардын,
Таккан кезде Гүлсарыга жоолугун.

Чабандесим, чапкын атың көжөлүп,
Көккө жетсин, тоскоол билбей арымы,
Жарым каны Европалык көзөлүм,
Даңазалуум, Азиялык жарымы.

Бирдей биздин ышкы отубуз Мекенге
Сен ишиңден алп эстелик тургуздуң,
Көрүнсүн деп көз жетпеген чет элге
Көкөлөтүп чокуларын кыргыздын.

Которгон Толук Бек Байзак (Толукбек Меңдебаев)

Бөлүшүү:
Next Post

Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин аты өзгөрөт

Казакстан туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин аты ыйгарылган Улуттук коргонуу университетинин атын өзгөртүүнү пландап жатат. Казак өкмөтүнүн коомчулукка сунуштаган токтомунун долбоорунда аталган окуу жай мындан ары Казакстан Республикасынын Улуттук коргонуу университети деп аталат. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Улуттук мажлистин депутаты Бекбол Орынбасаров аталган университет атын өзгөртөөрүн билдирип, муну “Казакстан Республикасынын биринчи […]

Сизге жагышы мүмкүн