Бишкекте студенттердин эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы ачылды

Автор

Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эл аралык VIII “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз эл жазуучусу, КР театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов баштаган калыстар тобунун курамы, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошов жетектеген аталган окуу жайдын кызматкерлери, бир катар маданият ишмерлери жана жаштар катышты.
Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө VIII ирет өтүп жаткан “Жаңы ысымдар” фестивалынын маанисине токтолуп, фестивалга катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүнөн келген жана Кыргызстандык жалпы катышуучуларды куттуктап, фестивалдын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.
Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолуп, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери белгилүү француз куудулу Жорж Фейдонун пьесасынын негизинде коюлган Кыргыз Республикасынын эл артисти Эгемберди Бекболиевдин комедия жанрындагы «Айымдар кийимин тигүүчү” спектаклин тартуулашты.
Белгилей кетсек, сегизинчи ирет өтүп жаткан фестивалдын алкагында кыргызстандык студенттердин тышкары Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген келген студенттер 22-декабрга чейин Бишкек шаарындагы театрларда көрүүчүлөргө спектаклдерин акысыз тартуулашат.

Фестивалдын максаты – театр окуу жайларынын студенттеринин чыгармачылык жетишкендиктерин көрсөтүү жана баалоо, мамлекеттер ортосунда театралдык билим берүү жана искусство жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо, студенттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Калыстар тобунун курамына КР театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов, Өзбек мамлекеттик искусство жана маданият институтунун профессору Жахонгир Маматкосимов, (Өзбекстан) КР Эл артисти Гүлайым Каныметова, Россия театр искусствосу институту- ГИТИСтин окутуучусу Анастасия Иванова жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр факультетинин деканы Сайрагүл Эсенбаева кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Германиянын канцлери коронавируска кабылды

“Бул мен үчүн таң калыштуу эмес. COVID-19 тесттерим эки сызыкты көрсөтүп турат”,-деп жазган Щольц X социалдык тармагында. “Мендеги симптомдордон улам оорунун жеңил өтүшүн күтөм жана кеңсемде гана иштөөнү пландап жатам”,-деп кошумчалады ал. 65 жаштагы Шольц ушул жылдын башында COVID-19га каршы эмделген. Канцлердин шейшембиде Берлинде Словакиянын премьер-министри Роберт Фико менен жолугушуусу […]

Сизге жагышы мүмкүн