Жыл сайын Жусуп Баласагын күнү белгиленет

Автор

Кыргызстанда эми жыл сайын Жусуп Баласагын күнү белгиленет. Мындай чечим 22-декабрда министрлер кабинетинин 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйынында кабыл алынды.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, залкар ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында 21-сентябрь Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү Жусуп Баласагын күнү деп белгиленген чечим кабыл алынды.
Белгилей кетсек, жыл жыйынтыгын чыгарган отурумда министрлер кабинетинин мүчөлөрү 18 маселени карашты. Анын жүрүшүндө министрлер кабинетинин 2024-жылга карата иш планы бекитилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден АКШнын аскердик бюджетин бекитти

АКШ президенти Жо Байден АКШнын келерки жылдагы 886,3 миллиард доллар өлчөмүндөгү аскердик бюджетине кол койду. Анда Украина үчүн 800 миллион доллар бар. Документ каржы жылына негизинен Пентагонго, Энергетика министрлигинин улуттук коопсуздук программаларына, АКШнын Мамлекеттик департаментине жана чалгындоо иштерине бөлүнөт деди президент. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы долбоорду 14-декабрда жактырган. Жаңы аскердик […]

Сизге жагышы мүмкүн