Рамазан айы тууралуу кызыктуу фактылар

Автор

1. “Рамазан” сөзү арабчадан которгондо “аптап”, “күйгүзүүчү”, “ысык” деген маанилерди билдирет.
2. Рамазан убактысындагы орозо араб тилинде “саум” деп аталат. Ислам энциклопедиялык сөздүгүнө караганда, саум күн чыккандан күн батканга чейинки убакытта тамак-аш жана жыныстык катнаштан оолак болуу дегенди түшүндүрөт.
3. Орозодо кулак, көз, тил, кол, буттар да орозо кармашы керек. Бул деген – ушак сүйлөбөө, күнөө иштерди кылбоо дегенди туюндурат.
4. Айрым өлкөлөрдо Рамазанда орозо тутпагандарга айып пул жана коомдук жумуш сыяктуу жаза берилет.
5. Өлкөлөргө жараша орозо тутуу убактылары айрымаланат. Эң кыска орозо тутуу мезгили Австралияда жашагандарга туура келет – 9 саат, Ал эми эң узак Скандинавияда – 20 саат, Швеция менен Исландияда 22 саат.
6. Дубайдагы Бурдж-Халиф асман тиреген имараттын жашоочулары да оозун ар башка убакытта ачышат. Бөлмөлөрү 80-кабаттан 149-кабатка чейин орун алган жашоочулар ооздорун башкалардан 2 мүнөт кечирээк ачышса, 150-кабаттан өйдө жашагандар 3 мүнөткө кеч ачышат.
7. Рамазан айы экономикага таасир этет. Окумуштуулар мындай кызык жыйынтыкка келишкен: эгерде орозонун узактыгы 1 саатка кыскарса,өлкөдөгү экономикалык өсүш 0,6-0,9%га көбөйөт. Тескерисинче, эгер, орозо убактысы узарса, экономиканын өсүшү жайлайт.
8. 2017-жылдан баштап 16-17 жыл аралыгында орозонун убактысы акырындык менен кыскарып жүрүп отурат.
9. Рамазанда бир катар мусулман өлкөлөрү жумуш күндөрүн кыскартышат. Муну менен алар элдин кошумча ибадаттарга көбүрөөк убактысы болушуна мүмкүнчүлүк беришет.
10. Бир катар өлкөлөрдө Рамазан айында акысыз массалык ооз ачуу тамактары берилет. Анын ичинде Кыргызстанда да массалык ооз ачуу тамактары уюштурулат. Кыргызстан алгач ирет уникалдуу “Рамазан Чатыры” 2 жылдан бери өткөрүлүп келет. 15 күн бою “Рамазан Чатырында” күн сайын 250 муктаж адамга ифтар тамактары уюштурулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Атасынын өкүл баласын камаган учур болгон

“Мени өмүр бою коркутуп келишет. Октябрь РОВДсында 10 жыл тергөөчү болуп иштедим, ал жерде да, 10 жыл коркутушту. Мэрияда иштеп турганда да коркутушту. Азыр мамкурулушта да коркутуп жатышат”,- деп билдирди архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурдан Орунтаев. Ал баарынан мурда мыйзамдуулукту сактоо керектигин, мындан улам кээде түшүнбөстүктөргө кабылып […]

Сизге жагышы мүмкүн