«Даңазалуу доордун» жылдызы Россияга келди

Автор

Популярдуу “Даңазалуу доор”, “Кара сүйүү” сериалдарынын жылдызы, түрк актёру Бурак Өзчивит Россияга келди.
39 жаштагы актер Москва жана Санкт-Петербург шаарларында болду. Борбор калаада Өзчивитти «Калинка» ыры менен тосуп алып, арак менен сыйлашты. Атайын конок катары Крокус Сити Холлдо өткөн “Түрк сериалдарынын музыкасы” киноконцертине катышып, россиялык сериалдарга тартылгысы келерин билдирди.
Өзүнүн активдүү графиги тууралуу айтып берген актёр «Тилекке каршы, орус же түрк сериалдарын көргөнгө такыр убактым жок. Мен көргөндү эмес, тартылганды жакшы көрөм»,-деп деди Өзчивит.
Бурак Өзчивит – түркиялык актёр жана модель. 2006-жылдан бери тасмаларда роль жаратып келет. “Даңазалуу доор” сыяктуу бир катар сериалдарына катышуу ага дүйнөлүк популярдуулукту алып келген.

Бөлүшүү:
Next Post

“Чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун 64 депутат колдоду

Жогорку Кенештин бүгүнкү, 22-февралдагы жалпы жыйынынында депутат Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда карап, кабыл алды. Мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп, ага 64 депутат “макул” деди. Ал эми “каршы” бергендер 5 эле депутат болду. Жалпы жыйында кээ бир […]

Сизге жагышы мүмкүн